• Башкы бет
  • Шашылыш билдирүү! Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн
15:12, 2022-ж., 2-август

Шашылыш билдирүү! Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү! Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү

2-4-августта туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

3-августта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.

Чолпон-Атада маал-маалы менен өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 24…26° болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...