
17:04, 2022-ж., 1-август
Ош: айыл өкмөттүн кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды

Ош облусунун Араван районунда пара алууга шектелип айыл өкмөттүн кызматкери кармалды. Ал жер тилкесин бөлүп берүү үчүн жергиликтүү тургундан 300 миң сом өлчөмүндө акча сураган.
УКМК таркаткан маалыматка ылайык, аларга С.И.И. аттуу жаран кайрылган.
Арызында ал Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.С.Ш жер үлүшүн кезектен мурда бөлүп берүү үчүн 300 миң сом талап кылып жатканын айткан. Ошондой эле ага чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Арыздануучу буга чейин жер адисине 250 миң сом бергенин айткан.
2022-жылдын 9-июнунда жер адиси арыздануучудан калган 50 миң сомду алып жаткан жеринен кармалган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер