• Башкы бет
  • Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт
17:02, 2022-ж., 1-август

Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине карашатуу Кыргызгидрометеорология кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 1-августтан 4-августка чейин өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Мындан улам, жарандарды сак болууга чакырат.

Бүгүн, Ыссык-Көлдүн Өрнөк айылында сел жүрүп, көчөлөрдү суу каптаган. Боом капчыгайында да бүгүн саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоодон чогулган сел каптаган. Мындан улам, жол бир тараптуу жабылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...