• Башкы бет
  • Иракта демонстранттар парламенттин имаратын басып алышты
16:57, 2022-ж., 1-август

Иракта демонстранттар парламенттин имаратын басып алышты

Иракта демонстранттар парламенттин имаратын басып алышты

Ирактын шийи багытындагы диний лидерлеринин бири Муктад ас-Садрдын тарапкерлери өлкөнүн парламентине экинчи жолу кирип барып, акциясын имараттын ичинде уланта баштады. Алар өкмөт толук тарамайынча парламенттен чыгып кетүүдөн баш тартты.

Чогулгандар Багдаддагы мамлекеттик имараттар жайгашкан кайтаруудагы "Жашыл зонага" 27-июлда кирип барышкан. Бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн кийин имараттын негизги бөлүгүн бошотушкан. 30-июлда парламентке кайрадан кирип, ал күнү жана 31-июлда анын негизги залында жана жыйын өтүүчү залында таң атырышты. Митингчилер имараттын ичинде тамак жасап, ошол жерде уктап жатышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...