16:52, 2022-ж., 1-август

Боомдогу жолдун бир тарабы жабылды

Боомдогу жолдун бир тарабы жабылды

Боом камчыгайынын Ысык-Көл тараптагы чыга беришинде бүгүн 1-августта кайрадан сел жүрүп, автомашиналардын тыгыны пайда болду. Саат 14:30га карата Кубакы ашуусунда, жолдун Бишкек тарапты көздөй кетүүчү тилкеси убактылуу жабылды.Машиналардын тыгынынын узундугу болжол менен эки чакырымдай болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бул тууралуу "Боом капчыгайындагы жолдун Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу тилкесин саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоодон чогулган сел каптады. Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы менен 154-155-чакырымында эки тилкеде сел катталды. Учурда жол бир тарапту ачык. Кыян жүрүп, сел каптаган жерге тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаарынан үч куткаруучу, эки грейдер, эки жүктөгүч тартылды" деген маалымат таратты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...