• Башкы бет
  • Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылды
14:24, -ж., 30-июль

Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылды

Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылды

Чүй облусунун  Кемин районунда саат 11:00 чамасында  кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен,  Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кум-шагыл унаа жолду жабып калган. Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык. 

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин  куткаруучулары, Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч тартылган.  

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...