14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, август айынын башында бардык 7 муниципалдык аймактык башкармалыкта социалдык дүкөндөр ачылат.
Долбоордун негизги максаты - калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10% төмөн баада сатып алууга шарт түзүү.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, учурда социалдык дүкөндөрдүн курулуш иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле мыйзам чегинде ветеринардык инспекция тарабынан камсыздоочуларды (поставщик) тандоо иштери аяктады.
Социалдык дүкөндөрдө продукциянын сапатын көзөмөлдөө ветеринардык инспекция тарабынан ишке ашырылат.
Комментарийлер