• Башкы бет
  • Ошто жүргүнчүлөрдү ташуу системасы өнүктүрүлөт
15:01, 2022-ж., 25-июль

Ошто жүргүнчүлөрдү ташуу системасы өнүктүрүлөт

Ошто жүргүнчүлөрдү ташуу системасы өнүктүрүлөт

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен вице-мэр Сонунбек Жунусбаев Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына барып, автобус жана троллейбустарга gps-трекинг системасынын иши менен таанышты.

Мында жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү ыңгайлуулуктарды түзүүгө өзүнчө басым жасалат.

Буга чеймн Ош шаарынын ар бир тургуну калаадагы автобустардын жана троллейбустардын кыймылын чагылдырган BusService мобилдик тиркемеси аркылуу жолдо жүрүү убактысын пландай алат.

Учурда тургундар жана коноктор үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жол акысын накталай эмес төлөм менен ишке ашырууга аракет көрүлүүдө. Бул багытта жүргүнчүлөрдүн электрондук карталарын ЭлСом жана Megapay системалары менен интеграциялоо процессин тездетүү тапшырылды. Бүгүнкү күндө бул карталардын популярдуулугу төмөн болуп, баланс толуктоо ХБК кичирайонунда жана Юго-Востоктогу автоунаа ишканасынын диспетчердик борборунда гана мүмкүн.

Ошондой эле, алып келинүүсү күтүлүп жаткан жаңы автобустарды автобустарды тейлөөгө айдоочуларды жана техникалык кызматкерлерди алуу маселеси да талкууланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...