• Башкы бет
  • Ош шаарынын 218-кварталынын инфраструктурасы оңдолот
14:35, -ж., 30-июнь

Ош шаарынын 218-кварталынын инфраструктурасы оңдолот

Ош шаарынын 218-кварталынын инфраструктурасы оңдолот

Ош шаарынын алыскы кичи райондорунун бири “Керме-Тоо” МАБынын 218-кварталынын жашоочуларынын маселелерин чечүү максатында, мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен бүгүн биринчи вице-мэр Марс Исаев тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери менен биргеликте тургундардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты. Буга чейин тургундар мэрдин жеке кабыл алуусунда болуп, проблемаларын айтышкан.

Жолугушууда ичүүчү сууну сугат үчүн пайдаланып жаткан жашоочулардын айынан калган тургундарга суу жетпей жатканын айтышты. Ал маселе боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине ичүүчү сууну сугат үчүн пайдаланып жаткан жарандарга тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Кошумча электр мамыларын орнотуу маселесин Ош шаарынын мэриясынын кошо каржылоо программасы аркылуу чечүү сунушталды. Жолдорду асфальттоо маселеси келерки жылы Ош шаардык жолдор башкармалыгынын иш планына киргизилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...