• Башкы бет
  • Оштун мэри Кыргызстан Епархиясынын епискобун кабыл алды
14:32, -ж., 30-июнь

Оштун мэри Кыргызстан Епархиясынын епискобун кабыл алды

Оштун мэри Кыргызстан Епархиясынын епискобун кабыл алды

29-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жаңы епискобу Савватий Бронницкийди кабыл алды. Алмаз Мамбетов епископту кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын көп улуттуу элинин арасында конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого дин кызматкерлеринин кошкон маанилүү салымын белгиледи.

Жолугушууда конфессиялар аралык жана этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле калктын тарыхый, маданий баалуулуктарын, салттарын сактоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ош шаарында казыят жана Орус православ чиркөөсүнүн жетекчилиги менен биргеликте Айт, Курман айт жана Рождество сыяктуу маанилүү диний майрамдарды өткөрүүнүн тартиби так иштелип чыккан. Бул иш-чаралар жалпы коомчулуктун катышуусунда өтүп, ар кыл улуттардын жакындашуусу жана достугу үчүн чоң мааниге ээ.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...