• Башкы бет
  • Президент легалдаштыруу мыйзамы боюнча түшүндүрмө берди
14:25, -ж., 30-июнь

Президент легалдаштыруу мыйзамы боюнча түшүндүрмө берди

Президент легалдаштыруу мыйзамы боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-июндагы жыйынында президент Садыр Жапаров «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун колдоп, анын пайдасын депутаттарга түшүндүрүп берди.

«Капиталды легалдаштырууга багытталган мыйзамды сындап, «Бийлик байларды, мурдагы ичкен-жеген чиновниктердин акчасын адалдаштырып берип жатат» деп айттыңар. Ооба, бизде 200дөн ашык бай бар, алардын арасында миллионерлер, миллиардерлер бар. Бирок алар акчасын чет өлкөлүк банктарда кармап жатышат. Чет жакта миллиондогон акчага завод-фабрика куруп жатышат. Өзүңүздөр билгендей, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 млрд, артын 100 млн долларга чейин бюджетке төктүрүп жатабыз. Бирок дагы деле чет өлкөдө катып жаткан байлыктары көп. Мыйзамдын максаты, ошол катылып жаткан акчаны Кыргызстанга алып келип, легалдаштырып, банктарга салса, өз банктарыбыз пайда көрөт, жумуш орундары түзүлөт», -дейт президент.

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында аталган мыйзам долбоор биринчи окууда добуш берүүгө коюлуп, бирок депутаттардын көпчүлүгү каршы добуш беришти. Парламенттин төрагасы Талант Мамытов беш ирет добушка коюуга аргасыз болгонуна карабай, эл өкүлдөрү Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Нуржигит Кадырбеков, Элвира Сурабалдиева жана Динара Ашымова добуш берген жок.

Масалиев добуш бербегенин мыйзам долбоорунда бардык кылмыш жасагандарга мунапыс берилери жазылып калганы менен түшүндүрдү. Ал мыйзам колдоо тапса адам өлтүргөндөр, коррупционерлер дагы кечириле турганын эскертти.

Мыйзам долбоору 22-июнда парламентте биринчи окууда да талкууланып, анда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийлик мыйзам долбоору аркылуу ууруларды мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканын айткан. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү жооп берип, мыйзам долбоорунун максаты көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, салыктын көлөмүн көбөйтүү экенин белгилеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...