• Башкы бет
  • Президент саясатчыларды негизсиз сындобоого чакырды
14:19, -ж., 30-июнь

Президент саясатчыларды негизсиз сындобоого чакырды

Президент саясатчыларды негизсиз сындобоого чакырды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйында сөз сүйлөп өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык абал жөнүндө маалымат берди. Ал саясатчыларды негизсиз сын айтып, саясий упай топтобоого чакырды.

“Демократия принциптерине жамынып алып, киреше булактарына ар кандай негизсиз сын-пикир айтып, саясий упай топтогоо аракет кылган саясатчыларыбыз дагы жок эмес. Демократия шартында атаандаш пикирлердин болушу зарыл. Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартыш, интриганын ордуна ошолордон арта калбай чогуу өнүгүүгө багыт алышыбыз керек экенин эсибизден чыгарбайлы”, - деди Жапаров.

Жапаров 7-чакырылыштын депутаттары менен бирге салык, бажы тармагында мыйзамдарды кабыл алып, жыйынтыгында экономикалык абал турукташып жатканына токтолду. Ал бийлик энергетика, темир жол тармагындагы ири долбоорлорго белсенип жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлары Адылбек Касымалиев менен Бакыт Төрөбаев ант бергенине байланыштуу президент жыйынга катышты. 7-чакырылыштагы парламент биринчи сессиясын аяктаганы турат.

Оппозициялык маанайдагы саясатчылар өлкөдө кымбатчылык каптап, бийлик кескин чараларды көрө албай жатканын жана салык, бажы саясатын сынга алып жатышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...