• Башкы бет
  • Ошто 1 млн сомдон ашык суммага бааланган жер менчикке берилип кеткен
14:32, -ж., 29-июнь

Ошто 1 млн сомдон ашык суммага бааланган жер менчикке берилип кеткен

Ошто 1 млн сомдон ашык суммага бааланган жер менчикке берилип кеткен

Ошто “коргоо жерлери” категориясына кирген 1 миллион сомдон ашык жер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан 29-июнда билдирди. 

Маалыматка караганда тилкенин жеке тарапка өтүшүнө жооптуу катары Коргоо министрлигинин Ош турак-жай пайдалануу бөлүгүнүн жана мэриянын кызмат адамдары шектелип жатат.

Бул факты боюнча жооптуу кызмат адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Тергөө жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...