• Башкы бет
  • Лоторея өнөктүгүнүн алкагында 212 субъектине айып пул салынды
14:29, -ж., 29-июнь

Лоторея өнөктүгүнүн алкагында 212 субъектине айып пул салынды

Лоторея өнөктүгүнүн алкагында 212  субъектине айып пул салынды

Салык кызматы жарыялаган лотерея өнөктүгүнүн алкагында кардарлардан түшкөн арыз-даттануулардын негизинде ишкерликтин 212 субъектине административдик айыппул салынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы расмий жарыяланган 10-майдан бери 4739 даттануу арыздары түшкөнү, алардын көпчүлүгү текшерилип чыкканы маалымдалды.

Арыздардын көбү сатуучу кассалык чек бербегенине, көзөмөл-кассалык аппаратынын (ККМ) жоктугуна жана лотереянын Интернеттеги расмий тиркемесинин иштөөсүнө байланыштуу болгон.

212 айыппул ККМ колдонулбаганына жана чек берилбегенине байланыштуу салынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...