• Башкы бет
  • Бишкекте поезд сүзүп кеткен бала каза болду
15:12, -ж., 28-июнь

Бишкекте поезд сүзүп кеткен бала каза болду

Бишкекте поезд сүзүп кеткен бала каза болду

Бишкекте поезд коюп кеткен 18 жаштагы бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, бала поезддин сигналын укпай койгон. Машинисттин поездди токтотууга кылган аракетинен майнап чыккан эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкекте поезд тебелеп кеткен учурлар маал-маалы менен катталат. 2021-жылы декабрь айында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги темир жолдо пакистандык студентти тепловоз коюп кетип каза болгон. Пакистандын элчилиги Министрлер кабинетин бул окуяны тез арада иликтеп, жарандын өлүмүнүн себебин айтууга чакырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...