• Башкы бет
  • Замирбек Базарбеков: Өспүрүмдөр зордукталган иштер жакшы изилденбей калган учурлар бар
15:08, -ж., 28-июнь

Замирбек Базарбеков: Өспүрүмдөр зордукталган иштер жакшы изилденбей калган учурлар бар

Замирбек Базарбеков: Өспүрүмдөр зордукталган иштер жакшы изилденбей калган учурлар бар

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында Базарбеков өспүрүмдөрдү зордуктоо иштери жакшы изилденбей, туура эмес чечимдер чыгып жаткан учурлар бар экенин айтты.

“Өспүрүмдөр зордукталган иштер жакшы изилденбей, Жазык жана Жазык-процессуалдык мыйзамдарды бузуу менен туура эмес токтом чыгарган учурлар аныкталган. Андыктан, ар бир ишти дыкат карап, мыйзамдуу чечимдерди чыгарышыңар керек”, - деди төрага.

Ош облустук сотуна 13 судья Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынан ротация болуп барышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...