• Башкы бет
  • Кара-Сууда документти жок куралдар табылды
15:17, -ж., 27-июнь

Кара-Сууда документти жок куралдар табылды

Кара-Сууда документти жок куралдар табылды

Ушул жылдын 20-июнь күнү  Кара-Суу РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын  тургуну, К аттуу жаран тополоң кылып жаткандыгы тууралуу маалымат билдиришкен. 

Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып, ызы-чуу жараткан жаран Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын тургуну 61 жаштагы К.О., аттуу жаран экендиги такталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында К.О., турак үйүндө 3 даана эч кандай документтери жок ок атуучу мергенчилик курал бар экендиги аныкталган.

Аталган факт 2022-жылдын 21-июнь күнү Кара-Суу РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып,  текшерүү иштери башталган.  

Окуя боюнча күбө катары суралган К.О., жогоруда көрсөтүлгөн 3 даана ок атуучу курал атасынан калгандыгын жана атасына катталгандыгын билдирип,  эч кандай уруксат берүүчү документтери жок экендигине байланыштуу, ок атуучу куралдарды  милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген .

Азыркы учурда үч даана ок атуучу куралга кайсы үлгүдөгү ок атуучу куралдардын катарына кире тургандыгын жана атууга жарактуулугун текшерүү үчүн соттук-балистикалык экспертиза дайындалган. Тактоо иштери уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...