• Башкы бет
  • Жашы жетелек кыздын зордукталганы боюнча маалыматка милиция түшүндүрмө берди
15:11, -ж., 27-июнь

Жашы жетелек кыздын зордукталганы боюнча маалыматка милиция түшүндүрмө берди

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Ушул жылдын 27-июнь күнү айрым маалымат каражаттарында "Ноокат районунун аймагында 16 жаштагы кызды зордуктап бир кафенин жанына таштап кеткен" деген такталбаган маалымат  таркап жатат. Бул боюнча Ош ОИИБдин басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.

Ушул жылдын 23-июнь күнү Ноокат районунун 39 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызын бейтааныш жашы он сегизге толо элек өспүрүм зордуктаганы боюнча арыз жазган. Арыз Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып териштирүү иштери жүрүп жатат. Жабырлануучу жана кылмышка шектүү да жашы жете элек болгондуктан Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү кодексинин 94-беренесинин 4- пунктарындагы талаптарына ылыйк кенен маалымат бере албайбыз.

Ал эми "кызды зордуктап кафелердин биринин жанына таштап кеткен" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кыз талаада калган эмес. Тийиштүү экспертиза дайындалган.Кыздын абалы жакшы  

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...