• Башкы бет
  • Чүйдүн тургундары сугат суунун жетишсиздигин айтып, нааразылыкка чыгышты
15:09, -ж., 27-июнь

Чүйдүн тургундары сугат суунун жетишсиздигин айтып, нааразылыкка чыгышты

Чүйдүн тургундары сугат суунун жетишсиздигин айтып, нааразылыкка чыгышты

Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигин айтып, 27-июнда өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акцияга чыкты.

Пикетке катышкан ондон ашык адам суу убагында берилбесе, түшүм аз жыйналып, эмгектери талаага кетерин айтууда.

Азыр сугарып калбасак, эртең бизге суунун деле кереги жок. Айдаган жерибиз күйүп кетип, түшүм аз болуп калат. 100 пайыз түшүм ала турган жерден 30 же 20 пайыз эле жыйнап калышыбыз мүмкүн. Аны менен биз бала-чаканы бага албайбыз. Мээнет талаага кетет”, — деди акцияга чыккандардын бири Сапар Тасмаев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...