• Башкы бет
  • Күрөш боюнча Азия чемпиону Билол Шарип уулун Ош шаарында салтанаттуу тосуп алышты
12:18, 2022-ж., 25-июнь

Күрөш боюнча Азия чемпиону Билол Шарип уулун Ош шаарында салтанаттуу тосуп алышты

Күрөш боюнча Азия чемпиону Билол Шарип уулун Ош шаарында салтанаттуу тосуп алышты

Ош шаарындагы эл аралык аэропортто эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси Билол Шарип уулун жана анын машыктыруучусун шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алды.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын эркин күрөшчүсү Билол Шарип уулу 17 жашка чейинки жаштар арасындагы Азия чемпионатында 60 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медаль тагынган.

Финалга чыгуу жолунда Япония, Казакстандын спортчуларын жеңип, финалда Өзбекстандын спортчусун 8:5 эсебинде жеңип алды.

Жалпысынан грек-рим жана эркин күрөш боюнча уланып жаткан Азия чемпионатында Кыргыз Республикасынын эркектер курама командасы (U-17) 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль менен жалпы командалык биринчи орунду ээледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...