• Башкы бет
  • Оштун мэри Ташкенттеги "Бунедкор" стадионуна барды
12:16, 2022-ж., 25-июнь

Оштун мэри Ташкенттеги "Бунедкор" стадионуна барды

Оштун мэри Ташкенттеги "Бунедкор" стадионуна барды

“Алай” футбол клубунун президенти, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ташкентке болгон расмий иш сапарынын алкагында футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык мелдешинде жеңишке жетишкен “Бунёдкор” футболдук клубунун стадионуна барды. Анда 33 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун музейи жана инфраструктурасы менен таанышуу болду.

Ошондой эле стадиондун жетекчиси жана команданын өкүлдөрү менен “Алай” жана “Бунёдкор” футболдук клубдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташуусун жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Соңунда “Бунёдкор” командасы Ош шаарынын мэрине ардактуу күйөрмандын өзгөчө белгилерин: футболка жана шарфты тапшырышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...