• Башкы бет
  • Ошто кооперативден акча ала албай жаткандар анын кеңсесинде түнөшүүдө
12:13, -ж., 25-июнь

Ошто кооперативден акча ала албай жаткандар анын кеңсесинде түнөшүүдө

Ошто кооперативден акча ала албай жаткандар анын кеңсесинде түнөшүүдө

Ошто 24-июнда Баткен, Жалал-Абаддан келген 11 жаран «Ихсан» кооперативине нааразычылыгын билдирип чыгышты. 23-июнда аларды мекеменин жетекчиси жолугушууга чакырып, бирок өзү келген эмес. Аймактардан чогулгандар 100 миңдеген акчаларын берип үй ала албай же акчасын кайтара албай калганын айтып даттанышууда. 

Жетекчи жолугушууга чыкпагандыктан жаш балдары менен аймактардан келгендер «Ихсандын» намаз окуучу бөлмөсүндө түнөшкөн. Алар берген каражаттарын төлөмөйүнчө бул жерден кетпей турганын айтышууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...