• Башкы бет
  • Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышты
12:11, -ж., 25-июнь

Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышты

Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышты

Ошто куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-июнда Сулайман-Тоодо болгон.

Куткаруу кызматынын байланыш номерине тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ билдиргендей, төрт куткаруучу тартылып, алар кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты.

Кыз 27 жашта жана ал Төлөйкөн айылынын тургуну экени аныкталган.

Куткаруучулар суицид аракетин жасап жаткан адамды сактап калган жана сактап кала албай калган учурлар буга чейин да катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...