• Башкы бет
  • Бишкекте кыз уурдалды деген маалымат текшерилип жатат
12:09, -ж., 25-июнь

Бишкекте кыз уурдалды деген маалымат текшерилип жатат

Бишкекте кыз уурдалды деген маалымат текшерилип жатат

Бишкекте көчөдө кыз уурдалганы тууралуу маалымат текшерилип жатканын 25-июнда “Азаттык” радиосу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазды. Мекеменин маалыматына караганда, факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат. Бишкектин жана Чүйдүн милициясына ыктымал кылмышкерлер тууралуу маалымат берилди.

24-июнга караган түнү Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кыз уурдалганы тууралуу видео Интернетке чыккан. Чөнтөк телефонго алысыраак жерден тартылган кыска видеодон кыз “Жардамга” деп кыйкырып, ал эми видеого тартып жаткандар “Аны уурдап кетишти” деп айтып жатышканын көрүүгө болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...