• Башкы бет
  • Ташкентте Ош шаарынын мэри бир катары социалдык маанидеги ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты
14:12, -ж., 24-июнь

Ташкентте Ош шаарынын мэри бир катары социалдык маанидеги ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ташкентте Ош шаарынын мэри бир катары социалдык маанидеги ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун Ташкент шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында бир катар социалдык маанидеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.

Делегация Ташкент шаарындагы тышкы жарыктандыруу системаларынын ишин көзөмөлдөгөн “Тошшахарнур” мамлекеттик унитардык ишканасына барды. Анын алкагында көчөлөрдү жарыктандыруу системаларын борборлоштурулган көзөмөлдөө жана электрондук мониторинг системасы менен таанышуу жүрдү. Ишканада 136 миңден ашык жарык берүүчү пункттарды тейлеген 800гө жакын адам иштейт.

Андан соң Ташкент шаарынын жана анын чет жакасындагы калкты коомдук транспорт менен камсыз кылган “Тошшахартрансхизмат” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, ошондой эле автобустар жана электроавтобустар паркы менен таанышты.

Мындан тышкары, Ош шаарынан барган делегация өнөр жай продукциялары жана тиричилик техникасы боюнча экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу 17 жогорку технологиялык өндүрүштү бириктирген “Технопарк” ЖЧКсында болушту. Аталган ишкана тарабынан санариптик газ эсептегич системасын киргизүү долбоорун, лифт жабдуулары тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси сунушталды.

Ошондой эле, шаардык кеңештин депутаттары жана коммуналдык чарба жетекчилери менен биргеликте жаштардын музыкага, адабиятка жана башка искусствого болгон кызыгуусун арттырууга багытталган жаңы заманбап “Янги Өзбекстан” сейил багынын инфраструктурасын көрүштү.

Сапардын жыйынтыгында Алмаз Мамбетов коммуналдык ишканалардын жетекчилерине ташкенттик кесиптештердин тажрыйбасын жигердүү үйрөнүү зарылдыгын белгиледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...