• Башкы бет
  • Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам бере аларын билдирди
14:06, 2022-ж., 24-июнь

Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам бере аларын билдирди

Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам бере аларын билдирди

Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюнунун ууюштурууга жардам берүү ниетин билдиди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-июнда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушууда билдирди. Анда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү, кызматташуу маселелери талкууланды.

"Садыр Жапаров күзүндө Түркиянын Изник шаарында кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Кыргызстан ага катышууга ниеттенип жетканын белгилеп, кыргыз тарап уюштуруучулук маселелерде жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Мустафа Шентоп Кыргызстан менен кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык багытта дагы жакшы ыргакта өнүгүп жатканын белгиледи", -деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Шентоп баштаган делегация Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйынына катышуу үчүн келген.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул жыйында 2023-2028-жылдарга уюмдун стратегиялык жол картасы бекитилет. Андан сырткары социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Азербайжан, Түркия жана Казакстандын парламенттик делегацияларынын сырткары Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...