• Башкы бет
  • Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 6 адам каза болду
13:59, -ж., 24-июнь

Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 6 адам каза болду

Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, 6 адам каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып, алты кишини басып калды. Кырсыктын кесепетинен эки аял, үч кичинекей кыз жана бир ымыркай каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө болгон. Жеринде ӨКМнын куткаруучулары, милиция иштеп жатат. Каза тапкандардын тек-жайы такталууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...