• Башкы бет
  • Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди
16:00, 2022-ж., 23-июнь

Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 23-июнда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата иш-чара өттү. Бул тармактын өкүлдөрүн Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов куттуктады.

Иш-чарада мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аткарган жумушунун маанилүүлүгү белгиленип, бир катар кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле концерттик программа тартууланды.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндѳ Ош шаарында жалпы 513 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер эмгектенет, анын 191и муниципалдык кызматкерлер.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...