Ош шаарында тротуарларды куруу үчүн 149 млн сом бөлүнөт

Ош шаарынын көчөлөрүнө тротуар куруу үчүн республикалык бюджеттен 149 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» басылмасы Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго шилтеме берүү менен жазды.
Анын айтымында, аталган каражатка шаардагы 38 көчөгө тротуарлар курулат. Учурда 8 көчөнүн тротуары бүтүп жатат.
«Азыр бизге биринчи 50 млн сом которулду. Шаарда тротуар куруу иштери жүрүп жатат. Негизги басымды такыр тротуар жок көчөлөргө жасап жатабыз. Кээ бир жерлерде такыр жок болсо, айрымдарында үйлөрдүн короолору, дүкөндөрү жана дагы башка курулуштар кирип кеткен. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бошоткон жерлерге курулуш иштерин жүргүзүүдөбүз, түшүнбөгөндөр менен соттошуп жатабыз. Эч нерсеге карабай тротуар болушу керек болгон жерлерге куруп баштайбыз», — деди Жасур Азимов.
Ошондой эле, вице-мэр шаарда жолдорду оңдоого да басым жасалганын белгиледи.
Жергиликтүү бюджеттен Ош шаардык жолдор башкармалыгына байыл 165 млн сом каралган. Анын 25 млну тротуарларды оңдоого бөлүнгөн.
Комментарийлер