
15:42, 2022-ж., 23-июнь
Чек ара кызматкерлери кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын мурдагы орун басары, Мамлекеттик чек ара кызматынын экс-башчысы Дархан Дильманов жана чек ара мекемесинин бир катар мурдагы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКК билдирди.
Алар казак-кытай чек арасы пункттарындагы коррупциялык аракеттер жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринде шектүү катары өтүп жатышат.
Дархан Дильманов кызматтан быйыл апрелде бошотулган. Ал Чек ара кызматын 2015-жылдан бери жетектеп келген. 2020-жылы президенттин жарлыгы менен ага генерал-лейтенант наамы ыйгарылган.
Казакстан менен Кытайдын чек арасында жүк ташуучу автоунаалар кезекке туруп калган учурлары көп катталат. Соодагерлер дайыма чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктарга даттанып келишет.
Мурдараак бир катар басылмалар Казакстан менен Кытайдын өз ара соода жүгүртүүсүндөгү расмий келтирген суммалардын айырмасы өтө чоң экенин жазып чыгышкан. 2021-жылкы көрсөткүчтөгү сандарда 5,7 млрд. доллар айырма болсо, үч жылдын эсебинде 17 млрд. долларлык ажырым чыккан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
live comments feed...
Комментарийлер