• Башкы бет
  • "Талибан" британиялык беш жаранды бошотту
17:11, -ж., 22-июнь

"Талибан" британиялык беш жаранды бошотту

"Талибан" британиялык беш жаранды бошотту

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы февралдан бери өлкөдө камалып жаткан британиялык беш жаранды бошотту. Бул тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Твиттерде кабарлап, алардын өкмөтү акыры ушуга жетишкенин маалымдады.

Трасстын кеңсесинин билдирүүсүндө беш киши “Улуу Британиянын Ооганстандагы өкүлчүлүктөрүндө иштебегени, алар бул өлкөгө өз алдынча гана барышканы” белгиленди.

Британ өкмөтү жарандар тууралуу мындан башка маалымат тараткан жок. Мурдараак тараган кабарларда, Ооганстанда кармалгандардын арасында британиялык телеоператор Питер Жувеналь бар экени айтылган.

Ооганстандын өкмөтүнүн расмий өкүлү Забихулла Мужахид Твиттерде британиялыктар “Ооган элинин салт-санаасына жана мыйзамдарына каршы аракеттерди жасаганын” жазды. Ал кандай эреже бузуулар экени такталган жок.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...