• Башкы бет
  • Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды
17:25, 2022-ж., 21-июнь

Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды

Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бекиткен иш-чаралардын графигине ылайык Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу “Балажан” бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушу башталды.

“СК-Лидер” ЖЧК курулуш компаниясынын прорабы Асылбек Таштаналиевдин айтымында, учурда фундаментти куюу иштери жүрүп жатат. Бекитилген мөөнөт боюнча объект 9 айда пайдаланууга берилиши керек. Аталган курулуш компаниясы тарабынан объектти быйылкы жылы бүткөрүп, колдонууга берүү аракеттери көрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...