Ош шаарында муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата сууда сүзүү боюнча шаардык турнир өттү

Кечээ Оштогу “Дельфин” бассейнинде 23-июнь - мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата сууда сүзүү боюнча шаардык турнир өткөрүлдү. Мелдешке шаардык коммуналдык чарба кызматкерлеринен жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринен 90дон ашык адам катышып, эркектер жана аялдар арасында 6 жаш категориясы боюнча күч сынашты.
Сыйлык тапшыруу аземине шаардык кеңештин депутаттары Канжарбек Мамашов, Ильяз Турдуев жана Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров катышып, бардыгын келе жаткан майрамы менен куттуктап, спорттук мелдештерди өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Мелдештин жыйынтыгында турнирдин жеңүүчүлөрү, байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин медалдары, дипломдору, баалуу белектери менен сыйланышты.
Комментарийлер