
17:20, 2022-ж., 21-июнь
Алайдын Октябрь айылында жолду суу жеп, каттам токтоду

Кечээ, 20-июнда Алай районунун Будалык аймагындагы Октябрь айылында сел жүрүп, жолдорду суу жеп кеткендиктен каттам токтоду. Бул туурлуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Селден улам чогулган суу айылдагы Дербиш тилкесине өтүүчү ички чарбалык жолдун болжол менен 80 метрин жууп кеткен. Гүлчө-Октябрь жолунун 15-чакырымындагы көпүрөдөн суу ашып, анын каптал беттерин суунун ташкыны жеген. Учурда көпүрөдөн өтүүгө бир тараптуу гана каттам бар.
«Бирок бул жерде жер катмары көчүп кетүү коркунучу жаралууда» — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Гүлчө — Октябрь жолунун 9-чакырымынын Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүү болуп, каттам токтоп, электр мамычалары кулап кетүү коркунучу жаралууда.
Быйыл жаз айларында катуу жааган жаандан улам Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында сел жүргөнү кабарланды. Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 200дөн ашуун имаратты суу каптады.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер