• Башкы бет
  • Баткендин туругун аялын өлтүрүп, өзү асынып калды
17:09, -ж., 21-июнь

Баткендин туругун аялын өлтүрүп, өзү асынып калды

Баткендин туругун аялын өлтүрүп, өзү асынып калды

Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну аялын бычактап, андан кийин асынып алган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш 19-июнда болжол менен 04:00 чамасында Кадамжай шаарында болгон. 35 жаштагы Н.Б жана Б.Б. аттуу жубайлардын ортосунда чыр чыгып, жолдошу жубайына бир нече жолу бычак шилтеп, мыкачылык менен өлтүргөн. Андан кийин кылмышка шектүү Б.Б. Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагындагы айылдардын бириндеги курулушу бүтө элек үйгө барып асынып алган.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. Маселен, 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден түшкөн эмес.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...