• Башкы бет
  • Ош шаарында "Улуу Жибек Жолунун кербени" инсталляциясы орнотулду
15:08, 2022-ж., 20-июнь

Ош шаарында "Улуу Жибек Жолунун кербени" инсталляциясы орнотулду

Ош шаарында "Улуу Жибек Жолунун кербени" инсталляциясы орнотулду

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган кербен орнотулду. Кербен туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек Жолунун брендин жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык калаа тургундары жана коноктору көп келүүчү жайга коюлду.

Бул идеяны Ош шаарынын жана Ош облусунун туроператорлору, Жибек Жолу Ассоциациясы колдоп, алар кербенди өздөрүнүн туристтик маршруттарынын объектилеринин тизмесине киргизишти. Туризм тармагын өнүктүрүү пландарына ылайык, кербен Улуу Жибек Жолунун Провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бири болот.

Бул инсталляциялар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулду. Алдыда аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...