• Башкы бет
  • Казакпаев жанан Асанбаевдин өлүмү боюнча президенттик комиссия түзүлдү
15:04, 2022-ж., 20-июнь

Казакпаев жанан Асанбаевдин өлүмү боюнча президенттик комиссия түзүлдү

Казакпаев жанан Асанбаевдин өлүмү боюнча президенттик комиссия түзүлдү

Президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаев менен «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн изилдөө үчүн комиссия түздү. Бул тууралуу Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Комиссия эки окуяны ар тараптуу изилдейт жана жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, «Айыл Банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү», — деп билдирди президенттик администрациядан.

44 жаштагы Бакыт Асанбаев 18-июнда УКМкнын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.

Ал эми Марат Казакпаев 10-июнь күнү каза болгон. Ал 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп, ТИЗОдон реанимацияга жеткирилгени белгилүү болгон. Марат Казакпаев өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген эксперт катары белгилүү болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...