• Башкы бет
  • Ошто "Аэрономад" компаниясынын учагы 17 жолу учууга аракет кылып, уча албай койгон
15:02, 2022-ж., 20-июнь

Ошто "Аэрономад" компаниясынын учагы 17 жолу учууга аракет кылып, уча албай койгон

Ошто "Аэрономад" компаниясынын учагы 17 жолу учууга аракет кылып, уча албай койгон

Ошто «Аэрономад» компаниясынын Ош-Дели каттамы боюнча учагы техникалык себептерден улам 17 жолу асманда айланууга мажбур болду. Окуя бүгүн, 18-июнда кечки жетилер чамасында болгон. Ош облустук милициясынын маалыматы боюнча, мүчүлүштүктөр ордуна келбегендиктен самолет кайрадан аэропортко келип конгон. 

Учакта 200дөн ашуун жүргүнчү болгону, эч ким жабыркабаганы айтылды. Жүргүнчүлөр менен тийиштүү кызматтар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Милиция коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүүдө. Тийиштүү адистер техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча ыкчам иштерди жасап жатышат.

«Т-Медианын» жеке булагы учактын желдеткич системасы иштебей жарым жолдон кайтканын билдирди. Ал эми бак толо күйүүчү май болгондуктан асманда айланып жүрүүгө аргасыз болгон. Анткени авариялык конуу учурунда самолет салмагын азайтуу үчүн күйүүчүү майды сарпташы керек.

Окуяны териштирүү иштери 19-июнда жүргүзүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...