• Башкы бет
  • Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
14:48, -ж., 20-июнь

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 21-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29,

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...+5, күндүз 6...11°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29°ка жетет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...