• Башкы бет
  • Ошто 23 жаштагы жаран каналга чөгүп кетти
14:36, -ж., 17-июнь

Ошто 23 жаштагы жаран каналга чөгүп кетти

Ошто 23 жаштагы жаран каналга чөгүп кетти

Ошто 23 жаштагы жаран каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Окуя 16-июнда Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылында болгон. 1999-жылы туулган бала Савай каналына чөгүп кеткен. Анын сөөгү табыла элек.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн издөө улантылып жатат.

15-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы калаада акыркы беш айда 4 жаран сууга чөгүп каза болгонун билдирген. Алардын бири бассейнде, үчөө каналда чөккөнү айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...