• Башкы бет
  • Евробиримдик Украинанын арызы боюнча акыркы чечимди кабыл алат
14:33, 2022-ж., 17-июнь

Евробиримдик Украинанын арызы боюнча акыркы чечимди кабыл алат

Евробиримдик Украинанын арызы боюнча акыркы чечимди кабыл алат

Бүгүн 17-июнда Европа комиссиясы Украинанын Евробиримдикке кирүүгө талапкер өлкө макамын алууга арызы боюнча акыркы талкуусун өткөрөт. Жыйындын соңунда комиссиянын бирдиктүү позициясы жарыяланып, ал Евробиримдиктин лидерлерине саясий чечим кабыл алуу үчүн сунуш катары берилет.

16-июнда Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Румыниянын лидерлери Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууда Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүүнү колдой турганын билдиришти.

Талапкер өлкөлөрдүн макамы боюнча маселе Евробиримдиктин 23-24-июнда өтө турган саммитинде талкууланганы жатат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевдеги сүйлөшүүлөр тууралуу пикирин билдирип, эгер Евробиримдик Украинага талапкер өлкө макамын бере турган болсо андай макамды ыйгаруу боюнча биримдик өзү иштеп чыккан шарттарын бузган болорун айтты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...