• Башкы бет
  • Эртең Ош, Жалал-Абад облустарынын бийик тоолуу райондордо кар жаайт
14:25, -ж., 17-июнь

Эртең Ош, Жалал-Абад облустарынын бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Эртең Ош, Жалал-Абад облустарынын бийик тоолуу райондордо кар жаайт

18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй облусунун өрөөнүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...