• Башкы бет
  • Ош шаары Өзбекстандан ар бири 37 миң АКШ долларына бааланган 50 автобус сатып алууга камынууда
15:30, -ж., 16-июнь

Ош шаары Өзбекстандан ар бири 37 миң АКШ долларына бааланган 50 автобус сатып алууга камынууда

Ош шаары Өзбекстандан  ар бири 37 миң АКШ долларына бааланган 50 автобус сатып алууга камынууда

15-июнда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы болуп өттү. Ага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, депутаттар, шаардык жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде бир катар актуалдуу маселелер каралды.

- Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаарда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө;

- Ош шаарынын тиешелүү мекеме-ишканалары тарабынан тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө;

- Ош шаарында инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо жана тышкы экономикалык байланыштарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө;

- Жергиликтүү бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө;

-Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-мартындагы “Жергиликтүү бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

- Муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө;

- Ош шаарында үй-бүлөлүк майрамдарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;

- Ош шаарына автобустарды сатып алууга Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунан насыя жана республикалык бюджеттен максаттуу трансфертти бекитүү жөнүндө.

Сессияда автобустарды сатып алууга кредитти бекитүү маселеси кызуу талкууланып, жыйынтыгында бир добуштан жактырылды.

Жалпысынан 16 орундуу ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү автобустардан 50 даана алуу пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...