• Башкы бет
  • Ош шаарындагы Төлөнов көчөсүнүн эки жагына тротуар курулууда
15:28, -ж., 16-июнь

Ош шаарындагы Төлөнов көчөсүнүн эки жагына тротуар курулууда

Ош шаарындагы Төлөнов көчөсүнүн эки жагына тротуар курулууда

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тарабынан бекитилген иш-планга ылайык, калаада Төлөнов көчөсүнүн Королев көчөсү менен кесилишинен Ишматов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө тротуар куруу иштери кызуу жүрүүдө. Жасалып жаткан тротуардын узундугу 850 метр, туурасы 3 метрди түзөт.

Жумушка 10дон ашык атайын техника жана Ош шаардык жолдор башкармалыгынан 15 жумушчу тартылган. Тротуар жергиликтүү бюджеттин эсебинен төшөлүп жатат. Жөө адамдар басуучу жолду июнь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...