• Башкы бет
  • Жоокердин сабалышы: Аскерди сабаган деген аскер кызматкери эки айга камакка алынды
15:23, -ж., 16-июнь

Жоокердин сабалышы: Аскерди сабаган деген аскер кызматкери эки айга камакка алынды

Жоокердин сабалышы: Аскерди сабаган деген аскер кызматкери эки айга камакка алынды

Аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерди сабап, анын ден соолугуна олуттуу зыян келтирди деп шектелген аскер кызматкери эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 16-июнда  Ырыспек Жолдошбаев билдирди, деп жазат "Азаттык" радиосу:

“Бекзат Эсенбековду сабады деген аскер кызматкери, прапорщик Төрөбай Жаныбек уулу эки айга камакка алынды. Азыр ал аскердик гауптвахтада жатат. Андан тышкары, аскердик бөлүктө мен атайын комиссия түзүп, кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында тийиштүү материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди”.

Жолдошбаев жабыркаган жоокердин бул аскердик бөлүктө ур-токмок дайыма болуп турары жөнүндө айткан сөзү тастыкталбаганын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...