• Башкы бет
  • Ош,Баткен облустарынын бийик тоолуу аймактарында кар жаайт
15:18, -ж., 16-июнь

Ош,Баткен облустарынын бийик тоолуу аймактарында кар жаайт

Ош,Баткен облустарынын бийик тоолуу аймактарында кар жаайт

17-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...