• Башкы бет
  • Ош шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди
13:57, 2022-ж., 15-июнь

Ош шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди

Сүрөт: Turmush.kg

Сүрөт: Turmush.kg

Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келген үчөө мөөнөтүнөн мурда мандаттарын тапшырышты. Бул тууралуу бүгүнкү сессияда белгилүү болду.

Жаңы келген депутаттарга шаардык кеңештин кезектеги сессиясында мандаттар берилди. 

«Ата-Журт Кыргызстандан» депутат болгон Айгүл Караева, Уларкан Акматова, Бактиярхан Турсунбаева өз каалоолору менен мандаттарын тапшыргандары айтылды. Алардын ордуна Элмира Шатманова, Раида Мирзаевалар келген. Бир мандат бош турат.

Ош шаардык кеңешине шайлоо былтыры 11-июлда өткөн. Шайлоого ат салышкан сегиз партиянын ичинен төртөө жети пайыз чектен өткөн. Алардын ичинен «Ата-Журт Кыргызстан» 19 мандат, «Биздин Кыргызстан» 15 мандат, «Улуттар биримдиги» жети жана «Бир Бол» партиясы төрт мандат алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...