• Башкы бет
  • "Кумтор Голд Компани" жаңы кеңсеге көчүп чыкты
13:45, -ж., 15-июнь

"Кумтор Голд Компани" жаңы кеңсеге көчүп чыкты

"Кумтор Голд Компани" жаңы кеңсеге көчүп чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 15-июнда парламент отурумунда ("Ата-Журт Кыргызстан") Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги кымбат баадагы кеңсени ижарага алганын айтып чыкты.

Депутат “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мамлекетке караштуу кеңседен чыгып, шаардык чок ортосундагы кымбат баалуу жеке менчик кеңсеге көчкөнү туура эмес экенин билдирди.

"Тилекке каршы коомчулукта Тенгиз Бөлтүрүк тууралуу абдан сөз көп. Тендерлер, кеңсе боюнча. Бөлтүрүккө чейин булар мамлекеттик "Учкун" ишканасында отурушкан. Азыр шаардын чок ортосундагы Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги чоң кеңсени алышты. Абдан кымбат, айына 50 миң доллардын тегерегинде акча төлөйт экен. Бул абдан туура эмес деп эсептейм. Анткени мамлекетте бош ишканалар көп. Кеңсеге кеткен акчаны башка жактарга жумшасак болмок".

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...