• Башкы бет
  • Ноокаттагы бала бакчада болгон окуя боюнча милиция териштирүү иштерин баштады
14:56, 2022-ж., 14-июнь

Ноокаттагы бала бакчада болгон окуя боюнча милиция териштирүү иштерин баштады

Ноокаттагы бала бакчада болгон окуя боюнча милиция териштирүү иштерин баштады

Ноокат шаарындагы «Саламат» балдар бакчасынын терезесинен түшүп кеткен бала боюнча милиция териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 13-июнь күнү саат 12:30 чамасында катталган. 

«Ноокат районунун Арбын айылынын тургуну 25 жаштагы Б. Т саат 11:10 чамасында өзүнүн 4 жаштагы уулун, биринчи жолу балдар бакчасына алып келген. Аны директорго тапшырып кеткен. Ал эми жаш өспүрүм болжол менен саат11:40 чамасында балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып, көчө тарапка асылып калган. Аны 67 жаштагы М. М аттуу жаран кармап калган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул окуя боюнча наристеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок  ата-энеси баш тартышып,  балдар бакчасынын кызматкерлерине доосу жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан.

Учурда бул окуя боюнча «Саламат» балдар бакчасына тийиштүү мекеме ишканаларга  каттар берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...