• Башкы бет
  • Аксыда 33 мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголду
14:51, 2022-ж., 14-июнь

Аксыда 33 мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголду

Аксыда 33 мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 33 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2021-жылга өздөрүнүн жана жакын туугандарынын кирешелери жөнүндө декларациясын белгиленген мөөнөттө тапшырбаганы аныкталды. Бул тууралуу «Т-Медиага»  райондун прокурору Улукбек Чыныбаев билдирди. 

Айтымында, аталган кызматкерлерге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 438-беренеси (Укук бузуу) менен кылымыш иши козголгон. Иш Аксы райондук сотуна жиберилип, алар тийиштүү чечим кабыл алган. Натыйжада 33 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга 101 миң сом өлөмүндө айыппул салынды.

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» мыйзамына мамлекеттик кызматта иштегендер ата-энеси, жубайы, балдары, бир туугандарынын киреше-чыгашалары, мүлкү тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү. Маалыматты жашырган декларанттар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...